Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Чүйдө сарайдан өрт чыгып, мал-жандыктар күйүп кетти
25.09.2021 | 10:33
Чүй облусунун Александровка айылында чоң өрт катталып, анын кесепетинен мал-жандык, дан эгиндери, чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр сарай, 150 чарчы метр бастырма, 400 түк чөп, 1 жарым тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 баш кой күйдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 18:34тө өрт толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом