Түлеевдин менчигине «Каравандын» бир бөлүгү кайтарылып берилди

Түлеевдин менчигине «Каравандын» бир бөлүгү кайтарылып берилди

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин менчигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусунда болуп келген «Караван» соода борборунун жертөлөсүнүн бир бөлүгү жана соода борбордун 1-кабатынын бир бөлүгү кайтарылды. Аталган фонд жогоруда сөз болгон соода борборуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук сотунун 17-сентябрдагы аныктамасы менен Нариман Түлеевдин аталган райондук сотунун мүлктү конфискациялоо тууралуу 2013-жылдын 29-июлундагы өкүмүнүн аткарылышын жокко чыгаруу жөнүндө арызы толугу менен канааттандырылды.

Натыйжада Биринчи май райондук сотунун аткаруучулар кызматы бөлүмүнөн аталган фондго аткаруу документин аткаруу боюнча сунушу келип түшкөн. Анда «Караван» соода борборун 10 жумуш күнү ичинде “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын менчигине кайтарып берүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.

«Түлеев ыктыярдуу негизде “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК балансына Бишкек шаарынан 11 турак батирин өткөрүп берди жана алар “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында өлкөнүн муктаж жарандарына берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Бул чечим өлкөдө турак жай фондунун тартыштыгы байкалып жатканын эске алуу менен, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>