Чүй облусунда шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, анын ичинен:
— Кемин райондук милициясына — 1 материал;
— Токмок шаардык милициясына — 11 материал;
— Аламүдүн райондук милициясына — 5 материал;
— Сокулук райондук милициясына — 3 материал;
— Москва райондук милициясына — 1 материал;
— Жайыл райондук милициясына — 1 материал;
— Панфилов райондук милициясына — 2 материал.
«Ошол эле учурда катталган 24 материалдын ичинен 3 материал кылмыштын курамы жок болгондуктан байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.