Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүйдө шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталды
29.11.2021 | 11:31
Чүй облусунда шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, анын ичинен:
– Кемин райондук милициясына – 1 материал;
– Токмок шаардык милициясына – 11 материал;
– Аламүдүн райондук милициясына – 5 материал;
– Сокулук райондук милициясына – 3 материал;
– Москва райондук милициясына – 1 материал;
– Жайыл райондук милициясына – 1 материал;
– Панфилов райондук милициясына – 2 материал.
“Ошол эле учурда катталган 24 материалдын ичинен 3 материал кылмыштын курамы жок болгондуктан байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарылган”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат