Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Чүйдө үч күн мурда чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды
12.07.2023 | 09:05
Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына 3 күн мурда чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 9-июль күнү 40 жаштагы жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу мааалымат түшүп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жаткан.
Издөө иштерине ӨКМдин Аламүдүн райондук ӨКБдан 5 куткаруучу жана Сокулук райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Саат 11:57де чөккөн жеринен бир чакырым жерден куткаруучулар жарандын жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом