ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Чүйдө жарандарды 2,8 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
02.06.2024 | 13:05
Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге «Т-А» ЖЧКсынын директору, жаран Х.Т., арыз менен кайрылган. Анын айтымында, аталган ишкананын сатуу бөлүмүнүн башчысы В.А., кардарларды алдап, алардан 2 миллион 837 миң сом өндүрүп, андан соң изин жашырып кеткен.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан — ал 1975-жылы туулган В.А. болуп чыккан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар