Чүйдө 24 жаштагы жаран интернет шылуундукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 26-майда милиция бөлүмүнө К.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 15-17-май күндөрү белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, “N” аттуу онлайн-платформадан киреше табууну убада кылып, алдоо жолу менен акча каражаттарын ээлеп алышканын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, акча каражаттары Кыргызстанда катталган ар түрдүү банк карталарына которулган. Жалпы келтирилген зыян 540 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал 24 жаштагы С.А. аттуу жаран экени такталган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Чүй облустук милициясы аталган шектүү С.А. ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына дагы тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирип, шектүүдөн жабыр тарткан жарандар болсо, милиция бөлүмдөрүнө кайрылууну суранды.