Чүйдөгү капчыгайда 4,5 ай мурда жоголгон Мукамбеталыны издөө иштери кайра жанданды

Чүйдөгү капчыгайда 4,5 ай мурда жоголгон Мукамбеталыны издөө иштери кайра жанданды

Быйыл 14-январга караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Мукамбеталы Маматалы уулуну издөө иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Издөө иштерине ӨКМден 36 куткаруучу жана ИИМден 300 кызматкер тартылды.

Эскерте кетсек, Мукамбеталы Маматалы уулу быйыл 14-январга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында жоголгон. Ал акыркы жолу түнкү саат 02:00до жакындарына байланышка чыккан. Аламүдүн капчыгайындагы мейманкананын камерасына Маматалы уулу тоо тарапты көздөй бара жатканы түшүп калган.

Ал жоголгондон кийин башында издөө иштерин туугандары жана милиция жүргүзө баштаган. 17-январда ӨКМ да издөө иштерине кошулган.

Мукамбеталы Маматалы уулу табылбагандыктан, издөө иштери 23-январда кечинде токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>