Чүйдөн уй уурдаган киши кармалды

Чүйдөн уй уурдаган киши кармалды

Жайыл районунун 66 жаштагы тургуну 13-сентябрь күнү жергиликтүү милицияга короосунан уйун уурдатып жибергенин кабарлаган.  Кылмыш иши сууй электе тезинен чара көрүп,  мал уурдаган кишини колго түшүргөн. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын басма-сөз кызматы маалымдады.

25 жаштагы М.Н. аттуу киши жоголгон уйду уурдап кетинин мойнуна алган. Ушул тапта тергөө башталды. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамды башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерип жатышат.

Уй ээсине жеткирилип берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>