Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
Японияга Кыргызстандын туристтик потенциалы тааныштырылды
11.06.2025 | 18:56
2025-жылдын 10–15-июнунда Кыргызстанда Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү жана алдыңкы япониялык туроператорлор үчүн таанышуу туру өтүүдө.
Иш-чара Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана кыргыз-япон туризм кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулду. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылы Японияга болгон расмий сапары учурунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда.
Таанышуу турунун алкагында делегация Бишкек жана Ысык-Көл аймактарындагы туристтик объекттерге барып, кыргыз туроператорлору менен B2B жолугушууларды өткөрөт. Мындай аракеттер Япониядан келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана эки өлкө ортосундагы ишкер байланышты чыңдоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар