Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
Ысык-Көлгө биринчи электр кемеси келет
11.06.2025 | 19:00
Ысык-Көлдө экологиялык таза суу транспорту – электр кемеси пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Кемени жеткирүү тууралуу келишимге “Голубой Ысык-Көл” санаториясы жана Россиянын “Надежные инвестиции” компаниясы кол коюшту. Долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Кыргызстандын мамлекеттик банкы тарабынан каржыланууда.
Жаңы кеме үнсүз иштеп, зыяндуу газ бөлүп чыгарбайт. Ал туристтер үчүн экологиялык таза жана коопсуз альтернатива болуп берет.
Рубрики: Жаңылыктар