Адылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайыАскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгоду
Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
09.10.2025 | 11:04

Кыргыз балбаны Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу UWW (United World Wrestling) расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, Изабеков 100 килограммга чейинки D категориясында финалдык беттеште америкалык Элвин Риггсти 6:2 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.
Мындан мурда кыргызстандык башка спортчулар да ийгилик көрсөтүштү:
- Эсенбек Байматов (78 кг) жана Роман Сарыбаев (88 кг) — күмүш медаль ээси болушту;
- Аскер Эфендиев (130 кг) жана Таалайбек Джанаев (88 кг) — коло байге алышты.
Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты учурда Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жатат жана 12-октябрда жыйынтыкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт