«Чындыкка дал келбейт». УКМК «Темиров Live» жана «Kлooптун» иликтөөлөрү боюнча маалымат берди

«Чындыкка дал келбейт». УКМК «Темиров Live» жана «Kлooптун» иликтөөлөрү боюнча маалымат берди

УКМК «Kлooп» жана «Темиров Live» медиаларынын иликтөөсү боюнча маалымат таратып, Камчыбек Ташиевдин «Насоновское» алтын кенине тиешеси бар болушу ыктымал деген маалымат чындыкка дал келберин билдирди.

УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунундагы ишмердүүлүгү боюнча иш козголгондугун кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө «Насоновское» кенин Азрет Боотаев «Консульере Групп» ишканасына кенди иштетүүгө милдеттүү түз инвестициялардын шарттары менен сатканы белгилүү болгон.

Бирок кийин «Консульере Групп» аталган кенди сатып алгандан кийин мамлекетке жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгону, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган.

Мындан улам ушул жылдын 12-мартында «Насоновское» кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылып, Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аркылуу мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген.

УКМК Камчыбек Ташиевдин аталган кенге эч кандай тиешеси жок экендигин жана болбогондугун билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>