«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Жалал-Абадда мурдагы ат майдандын ордуна 57 млн долларга базар салынат
13.03.2025 | 10:39
Жалал-Абад шаарында мурдагы “Телтору” ат майданынын ордуна базар салынат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Жаңы базар 22 гектардан ашык жерге курулат. Ал жакка шаардын борбордук бөлүгүндөгү базарлар көчүрүлөт деп пландалууда.
Курулуш иштерин “МСК групп” компаниясы жүргүзөт. Ал курулушка 57 млн доллар инвестиция салып, кийин базарды башкаруу укугун алат. Тиешелүү келишимге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен компаниянын башкы директору Нурбек Исмаилов кол койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом