Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков ага депутттык мандат берүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде, өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Айдаровдун айтымында, мурунку депутат Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да ага мандат бериле элек. Ал эми БШК бир да жолу расмий жооп берген эмес.
“Бүгүнкү күндө мандат берүү жол-жобосу негизсиз создуктурулуп жатат. Колдо бар маалыматтарга караганда, БШК бул кечиктирүүнү ИИМ жана ТИМден “кошумча маалыматтарды” алуу зарылдыгы менен негиздөөдө”, – деп айтылат Айдарбеков жарыялаган арызда.
Эске салсак, 10-мартта, БШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан анын жеке арызынын негизинде ажыраткан. Анын ордуна депутат болуп, №21 шайлоо округунан Чыңгыз Айдарбеков келмек.

