Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов коррупцияга шектелип кармалдыЖогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашатЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалды
«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигишти
01.04.2026 | 11:02
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова «Cool Bros» тигүү фабрикасынын ээси атынан президентке ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул ишке президент кийлигишип, маселе чечилген.
Буга чейин парламенттин жыйындарынын биринде депутат ишкердин ишканасы мыйзамсыз тартып алынганын билдирген.
«Ишкана ээси мага кайрылган. Мен тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөткөм, бирок жыйынтык болгон эмес. Бүгүнкү күндө андан компаниянын филиалы жайгашкан имаратты бошотууну талап кылышууда», — деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку Кенеш