Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
COVID-19 боюнча Кыргызстанда кырдаал туруктуу
12.02.2024 | 13:25
COVID-19 боюнча Кыргызстанда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөдө апта сайын 2-6 учур гана катталууда. Вируска кабылгандар Бишкек, Ош жана Чүйдө аныкталды.
Ал эми сасык тумоо менен ооругандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 0,7 пайызга азайды. Дагы эле бейтаптардын көпчүлүгү (68,8 пайызы) 14 жашка чейинки балдар. Учурда 7216 жаран тумоолоодо.
Белгилей кетсек, Казакстанда COVID-19 кайра күч алып, беткап менен жүрүү тартиби киргизилди. Акыркы айда вирустук инфекция 2,5 эсеге көп катталды.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы COVID-19 кайра күчөшү мүмкүндүгүн айтып, вакцина алууга чакырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом