Ата-энесин кеминде 5 жыл караган балага гана үй-мүлк мураска калат

Ата-энесин кеминде 5 жыл караган балага гана үй-мүлк мураска калат

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жарандык кодекске өзгөртүү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда ата-энесинен калган мурасты бөлүштүрүүнүн жол жобосун жөнгө салуу каралат. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда мүлктү бөлүштүрүүдө туугандардын ортосундагы чыр-чатактар көп кездешүүдө.

«Мисалга алсак төрт бир тууган, бирок алар эмес, алардын аялдары соттошкон учурлар болгон. Азыр интеллигенциянын балдарынын мурас үчүн чатагы дагы сотко жетип жатат», — дейт Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору боюнча мындан ары ата-энесин кеминде 5 жыл караган бала гана үй-мүлккө ээ боло алат. Бул талап ал баланын үй-бүлөдө кичүү-улуулугуна карабайт.

Белгилей кетсек, Жарандык кодекстин азыркы редакциясында мүлк бир туугандарга тең бөлүнөрү айтылат. Бирок адатта үй-мүлк көбүнчө ата-энеси менен чогуу жашаган кичүү уулуна калтырат.

Ата-энесин улгайган жашында камкордугуна албаса же карылар үйүнө өткөрүп берсе, анда мүлктөн айрылат. Айтмакчы, мыйзам боюнча адам өмүрүнө кол салган же өлтүргөн жаран дагы мураскорлордун катарынан чыгат.

Буга чейин депутат Тазабек Икрамов ата-энесин карабай койгон жарандарды жоопко тартууну сунуштаган.

Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>