Бир аптада COVID-19 инфекциясынын 8 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анын төртөө Бишкек шаарында, Ош шаарында — 3, Ош облусунда — 1 бейтап аныкталды.
18-25-март аралыгында сасык тумоо менен ооругандардын саны 35 пайызга азаяп, 4 миң 58 бейтапка ооруканага кайрылды. Дагы эле оорулардын 70%ы 14 жашка чейинки балдар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз