•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРЭКОНОМИКА

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жардам берүүсүн улантат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин Жетекчиси Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Новиков жолугушууда Дүйнөлүк банк менен болгон кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

« Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем», – деди Артем Новиков.

Өз кезегинде Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин белгиледи.

«Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10% гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», – деди ал.

Кошумчалай кетсек, 1992-жылдан бери Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банк жалпы суммасы 2159,6 млн АКШ долларынан ашык суммага келишимдерге кол коюшкан, анын 1332,0 млн доллары насыя, 827,6 млн АКШ доллары гранттык негизде.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *