Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Таза коом”, “Бүткүл жаштар саясий партиясы”, “Адам-Демократ” партиялары шайлоого катышуудан расмий баш тарткан.
Мындан сырткары, “Мекенчил” жана “Ыйман нуру” партиясынын документтерин толуктап тапшыруу үчүн артка кайтарылган.
Бүгүн, 24-август саат 18:00гө чейин Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин толук тактап, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Аталган мөөнөттө жетишишпесе анда шайлоодон четтетилет.