Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Ошто мурда сойку болуп иштеген айым “сутенерлук” менен алектенген
24.08.2020 | 15:08
Ош шаардык соту Гүлбаранын (аты редакция тарабынан өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон маалымдашты.
Гүлбара, 1978-жылы туулган, эки балалуу, учурда эч жерде иштебейт.
Ага Оштогу «Этас» мейманканасынын жанында сойкукана иштеткен деген айып тагылууда. Ал милиция кызматкерлери тарабынан ушул жылдын февраль айында кармалган.
Айыпталуучунун айтымында, Гүлбара 2012-жылдан бери сойкулук менен алектенип келген. Ал “Этас” мейманканасынын жанында иштеген. Ал абакка кесүүнүн ордуна, пробация (коомдук жумуштарга кесүүнү) көзөмөлүн дайындоону суранган.
Натыйжада, сот аны күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жылын абактан сырткары коомдук жумуштарга кесилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом