Дагы бир кыргызстандык балбан күрөштөн 4 жылга четтетилди

Дагы бир кыргызстандык балбан күрөштөн 4 жылга четтетилди

Кыргызстандын дагы бир балбаны Сардарбек Конушбаев кызытма колдонгону үчүн күрөштөн 4 жылга четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында айтылат.

Маалым болгондой, грек-рим балбаны Конушбаев 2023-жылдын 9-апрелинде алынган кызытма текшерүүсүнөн өтө албай калган. Анын организминен тыюу салынган «метастерон» кызытмасы табылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Конушбаев күрөштөн 4 жылга четтетилди: жаза мөөнөтү 2023-жылдын 12-июнунан 2027-жылдын 11-июнунан чейин уланат.

Белгилей кетсек, Сардарбек Конушбаев кызытма колдонду деп күрөштөн четтетилген кыргызстандык үчүнчү балбан болуп калды. Буга чейин Акылбек Талантбеков 4 жылга, Саякбай Усупов 12 жылга күрөштөн четтетилген.

Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>