Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Клооп» басылмасынын журналистерин Болот Темиров каржылап, «жалган иликтөөлөрдү жасатып» жүргөн деп өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирүү жасады.
«Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган Клооп сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.)»,- деп билдирди ал.
Кечээ, 28-майда «Клооп» басылмасы маалымат таратып, журналисттери жана мурда иштеп кеткен кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) жеткирилип, сурак берип жатканын билдирген. Басылманын журналистери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы, ошондой эле мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыгышкан. Ал эми оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка камалган.
Дайырбек Орунбеков «Фейсбуктагы» билдирүүсүндө аталган журналисттер «Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартканын» жазган.
«Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти»- деген ал.
Учурда бул боюнча УКМК өзү расмий маалымат бере элек.