Кыргызстанга дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына товарларды мыйзамсыз кирүүсүн алдын алуу иш аракеттеринин жүрүшүндө 20 кг декларацияланбаган дары — дармектер кармалган. 25-февралда “Манас” аэропортунда Бажы кызматкерлери “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине келген жүктү текшерген. Анда 20,2 кг декларацияланбаган дары — дармектер табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.