Дастан Бекешев чет өлкөлүктөр үчүн турак жайларга салынган салыкты көтөрүүнү сунуштады

16.07.2025 | 17:14

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет элдик жарандарга таандык кыймылсыз мүлккө салынган салыкты көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы учурларда ага Кыргызстанда чет өлкөлүк, айрыкча кытайлык жарандар турак жайларды активдүү сатып алып жатышканы тууралуу кайрылган жарандар көбөйгөн. Жарандар бул абал жакында үйлөргө болгон баанын өсүшүнө алып келет деп кооптонуп жатышканын билдирген.

«Албетте, чет элдик жарандарга батир сатып алууга толугу менен тыюу салууга болот. Бул популярдуу чечим болмок. Бирок ачыгын айтсак, инвестицияларды жоготобуз жана экономикага терс таасирин тийгизет. Баарын азыркыдай калтырууга да болот. Бирок бул келечекте түшүнбөстүктөргө алып келет. Баалар өсөт, үй-жайдын жеткиликтүүлүгү төмөндөйт. Жарандар адилетсиздикти сезе башташат»,- деген ал.

Бекешев мындан улам чет элдик жарандарга таандык кыймылсыз мүлккө жогорулатылган салык салууну сунуштаган. Анын айтымында, бул чара бир нече маселени чече алат:

  • жергиликтүү бюджет толукталат;
  • турак жай рыногунун ашыкча кызуулугу басаңдайт;
  • жарандарыбыздын кызыкчылыктары корголот.
Scroll to Top