Дастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштады

17.03.2026 | 15:19

Депутат Дастан Бекешев «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун демилгеледи. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети аны биринчи окууда жактырды.

Документ колдонуудагы мыйзамга такталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Кеп депутаттардын статусун, алардын укуктарын, милдеттерин жана чектөөлөрүн жөнгө салуучу айрым ченемдерди тактоо жөнүндө болуп жатат.

Дастан Бекешев мыйзам долбоору «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталганын белгиледи. Ал бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн негизги ишинен тышкары уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн так аныктоого, ошондой эле «илимий», «педагогикалык» жана «чыгармачылык» ишмердүүлүк терминдерин чечмелөөдөгү түшүнүксүздүктөрдөн улам депутаттарды мандатынан мыйзамсыз ажыратуу тобокелдиктерин четтетүүгө багытталганын баса белгиледи.

Scroll to Top