Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Дастан Бекешев Иракта камалган кыргызстандык аялдардын жакындары менен жолукту
11.08.2025 | 17:48

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев Ирактын абактарында камалып жаткан кыргызстандык аялдардын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда Иракта 40 тан ашуун кыргызстандык аялдар бар. Буга чейин президенттин жардамы менен бир топ аялдар менен балдар Кыргызстанга алынып келинген. Бекешев Ирактагы аялдарды да мекенге кайтаруу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин билдирген.
«Алар жакшы жашоо табам деген үмүт менен кетип, 5 жылдан ашык убакыттан бери чоочун өлкөдө кармалып турушат. Бул абдан орчундуу жана баарыбызды тынчсыздандырган маселе», – деген ал өз сөзүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Дастан Бекешев