Дастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырдыӨзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салындыДепутаттар төлгө ачкандарга жана диплому жок психологиялык кызмат көрсөткөндөргө айып салууну сунушташтыБалыкчыдан 28 чакырым алыстыкта күчү 3 баллга жакын жер титиредиБишкектеги №6 төрөтканадагы чыр: дарыгерлер бейтаптын айыптоолоруна жооп беришти3-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Камчыбек Ташиев турак жайларды бузууда ээси менен сүйлөшүүнү эскертти
11.08.2025 | 18:49

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү бузулуп, алынуучу турак жайларга байланыштуу аткаминерлерге кайрылып, мындай иштерди жүргүзөрдөн мурда ээлери менен сөзсүз сүйлөшүүнү талап кылды.
«Адамдын үйүн бузардын алдында аны менен сөзсүз сүйлөшкүлө. Ал дагы үйдү эмгектенип салган. Башка жерден үй же жер берип, мамлекетке керек экенин түшүндүрүп туруп бузганга аракет кылгыла. Аны айтпай, барып буздуруп салуу туура эмес. Муну Президент дагы айтып жатат. Элдин көңүлүн алып иштеш керек», — деп эскертти Ташиев.
Рубрики: Жаңылыктар