Дастан Бекешев Кабминди Бишкектеги смог менен күрөшүүдө жашылдандырууну артыкчылыктуу кылууга чакырды
Бүгүн Жогорку Кеңеште «өкмөттүк күндүн» алкагында Министрлер кабинетинин жетекчилигинин катышуусунда борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар талкууланууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Бекешев өкмөткө кайрылуусунда шаарды масштабдуу жашылдандырууга басым жасоо менен смогго каршы күрөшүү стратегиясын кайра карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы жумушчу топтун мүчөсү болгон парламентарий учурда бийликтин негизги күч-аракети газдаштырууга, электр транспортун өнүктүрүүгө жана көмүр керектөөнү азайтууга жумшалып жатканын белгиледи. Бирок депутаттын пикиринде, Бишкектин «жашыл калканын» калыбына келтирүү маселеси формалдуу түрдө гана каралууда. Бекешев бул жааттагы мамлекеттик актылар кагаз жүзүндө гана натыйжалуу көрүнүп жатканын, ал эми иш жүзүндө шаар жаңы көчөттөргө абдан муктаж экенин баса айтты.
Конкреттүү чаралар катары депутат 7-кичирайондо (№44 үйдүн жанында), мурда мамлекет тарабынан ишкер Бозуландан кайтарылып алынган жер тилкесинде гүлбакча (сквер) курууну сунуштады. Ошондой эле Бекешев 12-кичирайонду жашылдандыруу зарылдыгын көрсөтүп, Көк-Жар айылында парк түзүү боюнча пландар бар экенин, анын долбоору учурда иштелип жатканын маалымдады.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, депутат транспорттон чыккан зыяндуу заттар менен күрөшүү абанын табигый чыпкаларын (фильтрлерин) өнүктүрүү менен коштолушу керектигин белгиледи. Ал Министрлер кабинетин жашылдандыруу маселелерин биринчи кезектеги иш катары таанууга чакырды, анткени дал бак-дарактар шаардыктарды таза аба менен камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналат.