Ош шаарынын башкы планы иштелип чыгатОш шаарында бузулган базардын ордуна парк курулатБишкекке 95 кытай автобусу келет. Жунушалиев алардын бирөөсүн көрсөттү«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылатПарламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылатӨкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Дастан Жумабеков Сооронбай Жээнбековдун кемчилигин ал бийликтен кеткенде тапты – видео
15.02.2021 | 11:42
Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков super.kg порталына берген маегинде экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону деп атады.
«Ар бир адамдын өзүнүн кемчиликтери болот. Бирок ал өлкөгө каршы кылмыш жасаган эмес. Балким, кемчилик анын айрым кайрылууларга көңүл бурбагандыгында болушу мүмкүн », – деди Жумабеков.
Эске салсак, 2020-жылдын июнь айында экс-спикер маегинде Жээнбеков президент болуп турган учурда анын кемчиликтерин айта алган эмес.
«Сооронбай Шариповичтин артыкчылыгы – ири коррупция менен күрөшүүдө, ошондой эле Кудайдан жана элден корккондугу. Сооронбай Шариповичтен эч кандай кемчилик көргөн жокмун», – деген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом