Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Депутат аэропорттордун көркүн оңдоону сунуштады
26.01.2023 | 13:15
Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев курулуштардын көркү жок экенин айтып, бул боюнча атайын жобо иштелип чыгышы керектигин айтты.
Анын айтымында, учурда өлкөдө аэропорттор оңдолуп жатат.
“Аэропорттор бул кыргыз элинин көркү. Өткөндө Тазабек Икрамов туура айтты, керек болсо туристтерди улуттук кийим, улуттук музыка, оюндар менен тосуп алуу керек. Учурда “Тамчы”, “Каракол” аэропорттору оңдолуп жатат. Бирок бул жерде кандай долбоорлор тандалып жатат, альтернатива барбы деген суроолор туулат. Долбоорлор боюнча сынак өткөрүү керек деген ойдомун”, – деди депутат Малиев.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом