24 жаштагы Айзаны сүзүп кеткен айдоочу үй камагында калтырылды

24 жаштагы Айзаны сүзүп кеткен айдоочу үй камагында калтырылды

Бишкек шаардык соту 24 жаштагы Айза Улан кызын сүзүп кеткен айдоочунун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, соттук отурум бүгүн, 26-январда өтүп, буга чейин Свердлов райондук сотунунун чечими өзгөртүүсүз калган.

Соттон билдиришкендей, айдоочунун үй камагында калтырылышына анын 5 стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаганы тууралуу медициналык документтер көрсөтүлгөнү себеп болгон. Аталган оорулар өкмөт тарабынан бекитилген, шектүүнү (айыпталуучу) камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине кирет.

Белгилей кетсек, айдоочунун үй камагына чыгарылышы коомчулуктун катуу сынына кабылган. Аны менен бирге бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да бир нече ирет көтөрүлгөн. Бүгүн, 26-январдагы парламенттин жыйынында да депутат Жанар Акаев Айза Улан кызын сүзүп, качып кеткен айдоочу үй камагына чыгарылганын, бул чечимди кабыл алган соттордун ишин сынга алды.

Коомчулуктун сынына байланыштуу буга чейин Свердлов райондук соту шектүүнүн үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берген.

Кырсык 9-январда саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айза Улан кызы жөө өтмөк менен өтүп бар жатканда, аны унаа сүзүп кетип, ал карама-каршы тилкеге кулап түшкөн. Ошол учурда аны экинчи унаа сүзүп, ал окуя жеринде каза болгон. Кырсык болгондон кийин айдоочу окуя жеринен качып кеткен.

Айза Улан кызы ИИМдин Академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунун атайын алгачкы кесиптик даярдоо курсунун угуучусу болгон.

13-ноябрда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган. Эртеси күнү анын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган.

Жол кырсыкта каза болгон Айзанын жакындары адилеттикти талап кылат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>