Депутат Айдарова «Бүтүн Кыргызстандын» былыктарын ачыктарын айтты

Депутат Айдарова «Бүтүн Кыргызстандын» былыктарын ачыктарын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жыйындарына үзгүлтүксүз катышканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Эл өкүлү фракция жетекчиси Исхак Масалиевдин сөзүн четке кагат. Анын айтымында, ал парламентке келгенден бери 4 жолу гана депутаттык топтун жыйыны болгон.

«Фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да жолу козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады», — дейт эл өкүлү.

Айгүл Айдарова партиялаштарынын былыктарын айтса көптөрдүн чыныгы жүзүн ачыларын белгилеп өттү.

«Эгер чындыктын символу деген партиянын ичиндеги «былыктары» боюнча кеп кылсак, анда башынан баштоо керек. Убакыт келет, эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири ачылат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин оппозициялык фракциясы депутатты өзүнүн катарынан чыгарган. Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстандын» көз карашына каршы келген чечимдерди колдоп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>