Сокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдүКыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодо
Депутат: Баткенге ЖККУ же БУУнун күчтөрүн киргизиш керек
20.10.2022 | 12:53
Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү үчүн Баткенге ЖККУ же БУУнун күчтөрүн киргизиш керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт менен президент аталган уюмдарга кайрылышы зарыл.
“Бул маселени чечүү үчүн өкмөт, президент ЖККУ же БУУнүн күчтөрүн чек арага киргизиш керек. Антпесе бул токтобойт окшойт. Ошондуктан биздин алдын ала алардан жардам сурап, (аталган уюмдардын – ред. ) күчтөрдү киргизиш керек”, – деди ал.
Эскерте кетсек, 19-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап кезектеги чек ара чырына түрткү бериши мүмкүн болгон иштерге барып жатканын билдирген.
Тажик тарап чек арага курал ташып, жалданма аскерлерди даярдоодо
Рубрики: Жаңылыктар, Коом