Тажик тарап чек арага курал ташып, жалданма аскерлерди даярдоодо

Тажик тарап чек арага курал ташып, жалданма аскерлерди даярдоодо

Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин чек арага канатташ аймактарда жагдайдын курчуп кетиши  үчүн атайын иш-аракеттер жасалууда деп  кыргыз тараптын дарегине айткан доону Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы таң калуу менен кабыл алганын Кыргызстандын аталган кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тажик тараптын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка эч кандай дал келбейт.

 

«Анан калса Тажикстандын УКМК Чек ара аскерлери атайылап маалыматы бурмалап, чек арага канаттташ жашаган калк мыйзамсыз иш-аракеттерге баруусуна аракет кылышууда.

Автотрал менен техниканын алынып өтүшү тартылган сүрөттөрдү жарыялоо буга мисал боло алат.

Тажикстандын УКМК Чек ара аскерлеринин Согди облусу  боюнча башкармалыгы бул сүрөткө комментарий берүүдө кыргыз тарап Баткен облусуна аскердик техниканы ташып жатат деген божомолду ойдон чыгарып айткан, ал эми чындыгында болсо бул сүрөт 2022-жылдын 21-22-сентябрында техниканы чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагын көздөй ичкери киргизип, туруктуу жайына ташып кетүүдө тартылган эле.

Тажикстан чек арага канатташ аймактарында чек араны күчтөндүрүүгө болгон дээрлик бардык өзүнүн иш-аракетин Кыргызстандын чек арачыларына «оодаруу»  фактысы айран таң калтырат.

Алсак, 2022-жылдын  25-сентябрынан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап жатат: жергиликтүү калк окопторду казып,  Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттик чек аранын периметрин бойлой траншеяларды казууда (видео салынды).

2022-жылдын 25-сентябрынан бери Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иш-аракетин жасап дрондор колдонулгандыгынын 10дон ашуун фактысы катталган.

Дал ушул Тажикстандын жарандары Кыргыз Республикасынын чек арага канатташ жашаган тургундарынын үйлөрүн өрттөгөнгө аракет кылышкан.

2022-жылдын 26-сентябрында чек арага жакын жерде тажик аскерлери тарабынан коюлган гранатага тажик жараны жарылгандыгы  Тажикстандын аскерлери кезектеги чыр-чатак катталган учурда өз аймактарына чек арага мина коюп кире качканга даярданып жатышкандыгынан кабар берет.

Жагдайды териштирүү учурунда кыргыз тараптын жарандарынын же аскерлеринин буга тиешеси бар  экендиги Тажикстандын Исфана тилкеси боюнча чек ара өкүлү жана коңшу тараптын башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аныкталган эмес.

Жолугушуулар учурунда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ортодо жетишкен макулдашууларды бузушкандыгын моюнга алышып, аларды оңдоого сөз беришет, бирок иш жүзүндө сөз бергендери аткарылбай келе жаткандыгы көрүнүүдө. 

Биздин тажик кесиптештерибиз бизди таң калтырып келишет: эч бир кебелбей туруп фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын пресс-релиздерин колдонуп, болгону андагы республикалардын атын айырбаштап,  «тажик» деген сөздөрдү «кыргыз» дегенге сөзгө эле алмаштырып коет.

Ошону менен бирге «чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу үчүн жетишкен макулдашууларга кынтыксыз таянуу жана көйгөйлөрдү бир гана саясий-дипломаттык ыкмалар менен гана чечүү» деген сөздөргө жамынып алып тажик тарап ЖМКда жана социалдык тармактарда кыргыз тарапка чабуул коюуну улантып, аскерлерди жана техникаларды чек арага канатташ аймактарга ташуу жөнүндө видеону ачык жарыялап (төмөндө тиркелген)  келет.

Мындан тышкары, жакын арада эле милициянын аттуу-баштуу кызматкери Тажикстандын ички иштер министринин атынан аскер кийимин кийген белгисиз адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга жана чек арада жагдайга бүлүк салууга чакырык жасоо менен кайрылган видео жарыяланган (видео тиркелди).

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы Тажикстан Республикасынын чек арага канатташ аймактарына өздүк курам жана техника ташылып жаткандыгын, ал максатта  «Тез жардам» автоунаалары колдонулуп жатканын,   «Головной» суу бөлүштүрүү жергесинин тушуна Тажикстандын позицияларына  жарандык автоунаалар менен ок-дарылар алынып жаткандыгын белгилейт (видео тиркелди).

Жалдануучуларды даярдоо, ошондой эле курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн тажик тарап исламдын баалулуктарын уратуу менен мечиттерди пайдаланып жаткандыгын талашсыз айкындаган далилдер бар«-деп айтылат билдирүүдө.

 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>