Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайланды

19.02.2026 | 17:45

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында спикердин орун басары Карим Ханджеза өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды. Ал мындай чечимди жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алганын айтып, депутаттарга көрсөтүлгөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан улам парламентте Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Болот Ибрагимов орун басар болуп дайындалды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдогон.

Эске салсак, 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Анын ордуна спикерлик кызматка депутат Марлен Маматалиев шайланды.

Scroll to Top