Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Депутат Казакбаев Кыргызстанда терроризм, экстремизм боюнча канча кылмыш иши ачылганына кызыкты
16.10.2019 | 11:02
Ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Жыйында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жатат.
Руслан Казакбаев 2018-2019-жылы терроризм, экстремизм боюнча Кыргызстанда канча жаранга улуттар аралык касташууга шектелип, кылмыш иши ачылганын сурады.
УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков 2019-жылы 11 жаран эл аралык терроризмге шектелсе, 5и экстримисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн деген айып менен кармалганынын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом