Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлду
Депутат күч органдарынын кызматкерлеринин пенсиясын көтөрүүнү суранууда
05.09.2025 | 16:40

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Өмүрзаковдун айтымында, 1-октябрдан тартып жарандардын пенсиясы көтөрүлөрү күтүлөт, бирок Ички иштер министрлиги жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин пенсиясы мурдагы деңгээлинде калган.
«Милиция кызматкерлери айлыктарына кошумчаларды киргизип койгула, анан пенсия да көбөйтүп бергиле деп суранып жатышат. Ушул маселеге көңүл буруңуздар», — деди Өмүрзаков.
Рубрики: Жаңылыктар