Майлуу-Суунун эли 6 күндөн бери суусуз, жылуулуксуз отурат, — депутат

Майлуу-Суунун эли 6 күндөн бери суусуз, жылуулуксуз отурат, — депутат

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу суукта бир нече күндөн бери жылуулуксуз жана суусуз калган тургундардын маселеси көтөрүлдү.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков жашоочулардын жылуулук, суу үчүн төлөмүн эсептеп чыгып, кечүү керектигин билдирди.

«Комиссия түзүп, канча чыгаша болду, канча зыян келди, алдын алууга болот беле, кимдер себепкер болгону боюнча тыянак чыгаруу керек. Жакында сууга, жылуулукка мынча төлөгүлө деп (эсеп кагаздар — ред.) келет. Бухгалтериялык эсептен чыгаруу деп коет, эсептеп чыгып, жардам берсек адилеттүү болот», — деди ал.

Кесиптешинин сөзүн улай депутат Бактыбек Сыдыков Майлуу-Суу шаарында алты күндөн бери өтө оор кырдаал болуп жатканын айтты.

«Облустук жетекчилер, Министрлер кабинетинин орун басарлары менен байланыштым, алардын маалыматы муниципалдык кызматтардын маалыматы болуп жатат. Эл башкача сөздү айтууда. Жыйынтык чыгарбаса, кырдаал оор. Саркынды суулардын түтүктөрү тоңуп, сасык жыты чыгып, жашоого шарт болбой жатат. Алты күндөн бери жылуу жана муздак суусу, жылуулугу жок. Эл үч-төрт күндөн бери митингге чыгып жатат», — деди ал.

Андан кийин ал Ош менен Жалал-Абад облустарында иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Майлуу-суу шаарынын тургундары менен жолугушу керектигин белгиледи.

«Муниципалдык кызматкерлердин айтканын гана уга бербей, эл менен сүйлөшсүн. Эл чындыкты айтып берет», — деди ал.

Анын айтымында, мэр, коммуналдык кызматтардын иши боюнча жыйынтык чыгарып, баа бериш керек.

Депутаттын сөзүнө жооп кылып, төрага Нурлан Шакиев Акылбек Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суунун жашоочулары менен жолугушарын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаарга жылуулук четинен бериле баштаганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>