2024- жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт. Иш-чара быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн (ККАО) 100 жылдыгына арналат.
Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.
Анын видео ролигине депутаттар — Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, маданият министри Алтынбек Максүтов, вице-мэр Виктория Мозгачева жана Рамиз Алиев катышты.