Депутат: Конституцияга каршы иш алып барып жатабыз

16.11.2022 | 13:30

Кыргызстандын Конституциянын негизинде жашайлы, болбосо Түркмөнстандын Конституциясын кабыл алып, анын негизинде иш алып баралы. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал 15-ноябрда Ак үйдүн алдында укук коргоо Азиза Абдирасулованын кармалышы элдин нааразычылыгын жаратканын белгиледи.

“Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы боюнча көп кайрылуулар болуп жатат. Конституцияга каршы иш алып барып жатабыз. Анын 39-беренесинде жарандар өз нааразычылыгын билдирип чыгууга укуктуу деп турат. Ага карабастан жаш-кары, аял экенине карабай буга (укугун чектөөгө  – ред.) барып жатабыз. Бул жакшы нерсе эмес. Бир топ аялдарыбыз камалап отурат. Мындайча айтканда, 30 жылда мындай болгон эмес. Сөз эркиндигин сактайлы. Конституциянын негизинде иш алып барсак, жакшы болот эле. Болбосо Түркмөнстандын Конституциясын алып келип, кабыл алып берели. Ошонун негизинде иш алып баралы”, –  деди ал.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top