Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн, 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ТИМ башчылары кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу бир пикирде болуп, бир тууган элдердин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниеттерин белгилешти.

Өзбекстандын президенти Ш.М.Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кол койгон документтер:

— Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге,

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга,

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга,

— Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга,

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга,

— эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту,

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри В.И.Норовду кабыл алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>