Депутат Турсунбек Акунду Азис Батукаев боюнча жарга такады

Депутат Турсунбек Акунду Азис Батукаев боюнча жарга такады

Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу Акыйкатчылык кызматка талапкер Турсунбек Акунга “Азис Батукаевдин чыгып кетишине канчалык денгээлде моралдык укугуңуз бар? Ал иш боюнча Алмазбек Атамбаев камакта отурат. “Чечен улутундагы кишилерден 100 миңдеген долларларды алган Акыйкатчы Турсунбек Акун” – деп укканым бар. Сизди түз күнөөлөбөйм, бирок, ушундай имиштер коомчулукта өтө көп. Ушул боюнча өз оозуңуздан угайынчы?” – деп суроо салды.

Ал эми Акыйкатчылык кызматка талапкер Турсунбек Акун эл аралык конвенциянын негизинде гана айтып койгонун айтып, акча туурасында да жооп берди.

“Эл аралык кесилгендер жана камалгандар үчүн атайын конвенция бар. Анын 66-беренесинде камакта жаткан адамга өлө турган диагноз коюлса, аларды туугандарына берип коюш керектиги жазылган. Ал эми атайын дарыгерлердин “кан рагы” диагнозу чыкты. Ошол дарыгерлердин койгон диагнозу менен гана бошотулуш керек деп конвенциянын негизинде гана айтып койдум. Болду. Бирок, дарыгердин чыгарган жыйынтыктары туура болдубу, туура эмес болдубу ал башка маселе. Бул маселеде өзүмдүн милдетимди аткардым. Бирок, кийин ал оорубай эле, дарыгерлердин чыгарган жыйынтыктары туура эмес болуп, атайын жасалма болгондугу билингенден кийин ыңгайсыз абалда калдым. Өткөн парламенттен бул боюнча кечирим сурагам. Сиз айтып жаткан акча боюнча тергөө жүрдү. Күбө катары суралдым. 22 адам күнөөлүү болду. Кээ бирлери соттолду. Мен күбө катары гана калдым. Каражат боюнча эч кандай далилденген жок”- деди Акун.

Жогорку Кеңеш Акыйкатчылык кызмат ордуна Турсунбек Акун, Атыр Абдырахматова, Маматурайим Момунов, Бакытбек Усенбаевдардын талапкерлигин карап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>