2021-жылы MegaCom Кыргызстандын бюджетин 2,6 миллиард сомго толуктады

2021-жылы MegaCom Кыргызстандын бюджетин 2,6 миллиард сомго толуктады

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, коомчулук алдында отчёттуулукту жана ачык-айкындыкты камсыз кылуу саясатын жетекчиликке алуу менен, «Альфа Телеком» ЖАКтын 2021-жыл үчүн каржылык жыйынтыгын жарыялайт.

Оператордун маалыматтарына ылайык, 2021-жылдын 12 айынын ичинде MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2,595 миллиарддан сомдон ашык суммага толуктады. Анын ичинде:

  • салыктык төлөмдөр жана отчёттук мөөнөт ичиндеги чегерүүлөр дээрлик 1,304 млрд сомго барабар;
  • мамлекеттик бюджетке которулган жана башка төлөмдөрдүн суммасы 0,897 млрд сомдон ашты;
  • 2020-жылдагы каржылык ишмердүүлүк үчүн 2021-жылы төлөнгөн дивиденддер 0,395 млрд сомдон ашык сумманы түздү.

Мындан тышкары, «Альфа Телеком» ЖАКтын 2021-жылдагы таза кирешеси 1,503 миллиард сомго барабар болгондугу маалымдалды.

Коомчулукка маалым болгондой, MegaCom оператору 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү ишкана катары, каржылык милдеттерин өз убагында жана толук көлөмдө аткаруу менен, Кыргыз Республикасынын бюджетин толуктап келет.

«MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын бюджетине төлөнүүчү төлөмдөрдүн көлөмүн мындан ары да көбөйтүүнү максат кылат, – деп белгилей кетти, 2021-жылдын жыйынтыгы тууралуу кеп учугун улап жатып, «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. – Муну менен катар эле MegaCom компаниясы түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүүгө, ыңгайлуу тарифтик пландарды жана санариптик кызматтарды ишке киргизүүгө басым жасамакчы».

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>