Депутат Украина менен согушуп жаткан Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады (видео)

Депутат Украина менен согушуп жаткан Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Украина менен согушуп жаткан Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйында ал төрага Нурлан Шакивеге кайрылып, Россияга жардам берүүнүн жолдорун карап көрүүнү сунуштады.

«Эки жылдан бери Украина менен Россиянын ортосунда аскердик аракеттер, согуш болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ал биздин союздашыбыз Россиянын ички иши болуп келген. Биз бейтарап позицияны карманып турганбыз, муну туура деп эсептейм. Бирок августтун аяктарынан баштап Россиянын 15 облусуна бомба ташталып, ракеталар учурулуп жатат. Ал жакта биздин 1 миллионго жакын балдар-кыздарыбыз эмгектенип жатат. Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюму боюнча бир союздабыз. Сизге төрага, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары кайрылат элем. Бул маселени терең изилдеп туруп, керектүү чечимдерди кабыл алып, колдошубуз керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет. Россия Украинадагы согушту «атайын аскердик операция» деп атап келет.

Россиянын Украинанын жерине бастырып киргенинен улам АКШ, Европа өлкөлөрү баштаган мамлекеттер Россияга, аны колдогон Беларуска да санкция салган. Аны менен катар санкцияны айланып өтүүгө жардам бергендерге да санкциялар салынууда.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Россия менен Украинанын согушунда Кыргызстан бейтарап позицияны кармана турганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>