Депутаттар мугалимди мазактаган окуучуларга айып пул салууну же камоону сунушташты  

Депутаттар мугалимди мазактаган окуучуларга айып пул салууну же камоону сунушташты  

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги отурумунда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорунун негиздемесине токтолуп: “Педагогикалык кызматкерлерге карата сыйлабаган мамилени көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликти киргизүүгө багытталган ушул мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыккан”, – деди.

Атап айтканда, мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) – билим берүү мамилелеринин катышуучусу тарабынан жасалган, педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү ж.б.) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат, укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат.

Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине, же эгерде ал эрезеге жеткен болсо, окуучунун өзүнө, же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулат.

Талкууда Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп: “Бирок долбоор боюнча Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңештин тиешелүү экспертизалык бөлүмдөрүнүн корутундуларын да эске алуу керек” – деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>