Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каралып, биринчи окууда жактырылды.
Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүдө шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү, күрөөнүн өлчөмүн 1 миллион сомго азайтуу жана №2 форма менен добуш берүүнү жок кылуу камтылган.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн башкы максаты – алдыдагы шайлоодо жаңы партияларга мүмкүнчүлүк берүү экенин белгилеп өттү.