Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
12.05.2025 | 17:01
Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Догдуркүл Кендирбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эми Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеп келе жаткан.
Белгилей кетсек, президент Билим берүү жана илим министрлигин эки бөлүп, анын ордуна Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат