Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Доллардын баасы түштү. Мурунку абалына келди
28.03.2022 | 16:05
Акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар валюта курсун жаңылашты. Доллар элден 86-87 сомдон сатылып алынса, 88-89 сомдон сатылууда.
Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында сатып алуу 86,41 сом, сатуу 88,43 сом болууда.
Бул төмөндөө еврого да таасирин тийгизди. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда сатып алуу орто эсеп менен 95-97 сомду, сатуу 97-99 сомду түздү.
Акча алмаштыруу жайларында рублди сатып алуу орто эсеп менен 0,8570 сомду, сатуу 1,0050 сом болду. Теңге бир аз өстү. Сатуу – 0,111 сом, сатып алуу – 0,2064 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика